Эртең Бишкекте унаалардын кыймылына убактылуу чектөө болот

11-12-октябрда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу ИИМден маалымат таратышты.
Белгилүү болгондой, чектөөлөр Азербайжандын президенти И.Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарына байланыштуу көрүлүүдө.
Кортеждер өтүүдө гана унаа каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр төмөнкү жолдордо киргизилет:
  • «Манас» аэропортунан баштап Фучик көчөсү менен Чүй кең көчөсүнө чейин;
  • Чүй кең көчөсү менен Фучик көчөсүнөн Манас кең көчөсүнө чейин;
  • Манас жана Ч. Айтматов кең көчөлөрү менен Чүй кең көчөсү Мамлекеттик резиденцияга чейин;
  • Мамлекеттик резиденциядан Байтик Баатыр көчөсү менен А.Токомбаев көчөсүнө чейин;
  • Ч. Айтматов кең көчөсү Ахунбаева көчөсү менен Достоевский көчөсүнө чейин;
  • Мамлекеттик резиденциядан Д.Садырбаев көчөсү менен "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейин;
  • Мамлекеттик резиденциядан Д.Садырбаев көчөсү менен "Ала-Арча" жаратылыш паркына чейин.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан