3-4-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева баштаган кыргыз делегациясы “Ден соолук -2020” саясаты боюнча инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун конференциясына катышты. Конференция Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрүн жана эксперттеринин башын бириктирип, 50 ашык өлкөнүн саламаттык сактоо министрлери, көрүнүктүү окумуштуулар катышты.
Аталган конференциянын максаты - инфекциялык эмес оорулардын алдын алуудагы жана ага каршы күрөшүүдөгү маселелердин тегерегиндеги иш-чараларды күчөтүү үчүн артыкчылыктуу багыттарды аныктоо, талкуу жүргүзүү, тажрыйба алмашуу болду.
Жыйынтыгында Ашхабад декларациясы кабыл алынып, анда өлкөлөр тарабынан зарыл болгон аракеттердин зарылдыгы, анын ичинде 2020-жылга чейинки максаттуу улуттук пландар, инфекциялык эмес оорулар боюнча улуттук көп тармактуу стратегияны иштеп чыгуу чаралары камтылды.