Бишкекте коомдук транспорттордун тарифин жогорулатуу боюнча токтом долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү пландалууда. Бул тууралуу шаардык мэрияга караштуу Транспорт башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, бааларды эске алуу менен экономикалык анализ жүргүзүп, жогоруда аталган варианттардын эффективдүүлүгүн карап чыгып тарифти төмөндөгүдөй киргизүү каралууда.
Ага ылайык, 3 вариант сунушталды. Анда троллейбус, автобус 15 сом, ал эми кичи автобус саат 06:00дөн 20:30га чейин 21 сом, саат 20:30дан таңкы 6га чейин 32 сом деп каралган.
Эгер тариф көтөрүлө турган болсо коомдук транспорттордун техникалык абалы жакшыртылары айтылды.