Бейшембиде Бишкектин бир бөлүгүндө суу убактылуу токтотулат

Бейшембиде Бишкектин бир бөлүгүндө суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкек суу канал" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-октябрда саат 9:00дөн 24:00гө чейин борбор калаанын айрым райондоруна таза суу берүү токтотулат.

Турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик объектилеринде жана өнөр жайда суу өчүрүлөт.
Төмөнкү жерлерде суу токтотулат:

• Ала-Арча суусу - темир жол линиясы – Жибек Жолу кең көчөсү –Ж. Гвардия бульвары;
• Жаш Гвардия бульвары - темир жол линиясы – Фрунзе көчөсү – Манас кең көчөсү.

Ичүүчү суу «Гагарин» суу топтомолору жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан