Бүгүн, 10-октябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 миллиард 681 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунан билдиришти.
Кабарлангандай, суу сактагычка суунун агып кириши секундасына 240 метр кубду түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 130 метр кубга жетүүдө.