Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңеште Аалымдар кеңеши кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин маалыматын угушту.
Дин өкүлдөрүнүн жолугушуусу парламенттин жалпы жыйындар залында өттү. Парламентке муфтий Замир Ракиев, Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү жана мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиянын башчысы Тойгонбай Абдыкаров келди. Аларга Ташиев Өзбекстан менен чек ара келишими тууралуу айтып бергени белгилүү болду.
Эскерте кетсек, бүгүн парламенттин тармактык комитетинде кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу маалымат берилген.