
Кыргызстандын делегациясы чек ара маселелери боюнча сүйлөшүү үчүн Тажикстанга кетти. Бул тууралуу УКМК төрагасы
Камчыбек Ташиев10-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди.
Анын айтымында, кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча мамлекеттик комиссиялардын жыйыны10-октябрга белгиленген.
"Комиссия ал жакта төрт күн болот, сүйлөшүүнүн жыйынтыгын көрөбүз. Мен да чакырылгам, бирок мен бул жакка келдим", - деди Ташиев.
Делегацияны министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жетектеп, Душанбеге учуп кетишкени маалым болду.