Ысык-Көлдө июль айында көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы Аишаны издөө иштери жүрүүдө

Ысык-Көлдө ушул жылдын июль айында көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы Аиша Мурдинованы издөө иштери жүрүүдө.

Бүгүн, 11-октябрда Аишаны 2 адам көлдөн издеп жатат. Алар Балыкчы шаарындагы көлдөн издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Аиша Мурдинованы издеп жаткандар дрон керек экендигин айтышты.

Эске салсак, 18-июлда 4 адамдан турган үй-бүлө көл жээкте эс алып жаткан кезде шамал болуп, көл баллондору менен кошо жээктен алыс тартып кеткен. Аларды кайыктагы жергиликтүү тургундар таап алышкан. Бирок 4 жаштагы кызды таппай калышкан. Ошондон бери издөө иштери жүрүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кызды издөө ишин 15-августта токтоткон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2022-10-11 11:04:00
Иий кудайым айй дагы деле табыла элекпи
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан