Акылбек Жапаров салык кызматына бир катар тапшырмаларды берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө Акылбек Жапаров белгиленген салык чогултуу планы толук көлөмдө аткарылышы керектигин белгиледи.

"Электрондук эсеп-фактураларга толугу менен өтмөйүнчө, товарлардын кыймылын эсепке алуу кыйынга турат. Бирдиктүү салык төлөм картасы, «Салык төлөөчүнүн кабинети» сыяктуу долбоорлорду толуктап иштеп чыгып, ишке киргизүү керек. Контрабанда тууралуу унутпаңыздар, планды кыйналбастан аткаруунун бирден-бир жолу контрабанданы толугу менен токтотуу", - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов белгилегендей, ушул жылдын 9 айында 148 миллиард сомдон ашык салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулган.

"2022-жылдын январь-сентябрь айларында салык кызматы тарабынан салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү түрүндө 148 миллиард 125 миллион сом жыйналды, бул өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 44,3 миллиард сомго көп", - деди салык кызматынын башчысы.

Ал кошумчалагандай, 111 миллиард 755 миллион сом салык жана төлөмдөр чогултулган. Белгиленген план 236 миллион сомго ашык аткарылды. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 35 миллиард 906 миллион сомго көп чогултулган.

Кеңешменин жыйынтыгында Акылбек Жапаров бир катар тапшырмаларды берип, 2023-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 500 миллиард сом өлчөмүндө бекитүү пландалып жатканын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан