Бишкекте агроөнөр жай көргөзмөсү өтөт

Бишкекте 20-22-октябрда "АГРОТЭХЭКСПО-2022" агроөнөр жай көргөзмөсү жана "Алтын күз" айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарланды.

Маалыматка ылайык, иш-чара Турдакун Усубалиев атындагы аянтта болот.

"Айыл чарба техникалары, кайра иштетүү жабдууларын, тамчылатып жана жаадырып сугаруу каражаттарын, жаңы үрөндөрдү, асыл тукум малдарды сатып алууну жана жеңилдетилген шарттарда лизингге алууну каалаган дыйкан-фермерлерди, ишкерлерди көргөзмөгө чакырабыз", - деп билдиришти мекемеден.

Иш-чара Айыл чарба министрлигинин 95 жылдыгына карата уюштурулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан