Кыргызстандын элчиси Орусиянын Тышкы иштер министрлигине сүйлөшүүгө чакырылды

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко менен жолугушту. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

"Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери, ЖККУ алкагындагы өз ара аракеттенүү, анын ичинде КМШ платформаларында боло турган байланыштар боюнча ачык баарлашуу болду. Тараптардын Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелердин союздаштык мүнөзүнө берилгендиги ырасталды, анын актуалдуулугу азыркы татаал геосаясий кырдаалда өсүп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жолугушуу тууралуу азырынча маалымат бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asmat84
2022-10-11 11:02:00
Чото Оруссия менен мамиле сууп баратат. Путин өзүнүн юбилейине иттин уулу байкараны чакырып Садыр аваны чакырбай койду, ага жинденген биздикилер ШКУнун биздеги саммитин өткөрүүдөн баш тартып атышат. Аны уккан тиги жүн баштар кыргыз элчини чакырып туйруду окшойт
+1
zhumali
2022-10-11 11:31:00
Мен ойлогом биздикилер барбай койду деп, көрсө чыкырбай койгон экенда, Жакында биздин мигранттарга асылат экенда ,
0
sasik
2022-10-11 11:37:00
Путин козун жулжуйтуп алып билип атат да Миллиондогон мигрантын менде турса эмне кыла алмак элен деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан