Чүйдө кант кызылчасынын түшүмүн кабыл алууга даярдыгы текшерилди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй-Токмок пунктунун кант кызылчасынын жаңы түшүмүн кабыл алууга даярдыгын текшерди.

Мекемеден билдиришкендей, Төрөбаев кант кызылчасын ташууда республика ичиндеги темир жол каттамына 2016-жылдын деңгээлиндеги жеңилдетилген тарифти белгилөө чечими кабыл алынганын билдирди.

"Жогорку түшүмдүн аркасында ата мекендик кант заводдору 62 миң тоннадан ашык кумшекер өндүрүп, ички рыноктун керектөөсүн 50 пайызга камсыздайт. Ошол эле учурда дыйкандарыбыз жогорку түшүмдүүлүктү камсыздоо үчүн келечекте алгач пилоттук долбоорлордун алкагында айыл чарбасында заманбап технологияларды, анын ичинде нымдуулукту сактоо технологияларын активдүү колдонуусу зарыл", - деди ал.

Өз кезегинде «Кайыңды-Кант» жана «Кошой» акционердик коомдорунун өкүлдөрү кант кызылчасын темир жол аркылуу ташуу үчүн 5 жылдык мөөнөткө жеңилдетилген тарифтерди бекитүүнү сунушташты. Бул дыйкандарга канттын түшүмдүүлүгүн 800 миң тоннага чейин жеткирүү максатында аталган өсүмдүктү айдоо аянттарын ишенимдүү кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Натыйжада кантты импорттоого байланыштуу тартыштык тобокелдигин жокко чыгарып, өлкөнүн кумшекерге болгон ички керектөөсүн 100 пайызга камсыздайт.

Жыйынтыгында өлкөдөгү бардык дыйкан чарбалары салыктык башкарууну жакшыртуусу үчүн «Фермердин кабинети» тиркемеси түрүндөгү санариптик платформаны өнүктүрүү зарылчылыгы жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө республикада 500 миңге жакын фермердик чарба бар.

Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл фермердик чарбалар жыл аягына чейин 480 миң тоннага чейин түшүм жыйнап алуусу пландаштырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан