Кыздар күнүнө карата "Беш көкүл кыздарга мүмкүнчүлүктөр" онлайн-вебинары өтөт

Бүгүн, 11-октябрда дүйнөдө Эл аралык кыздар күнү белгиленип жатат. Анын алкагында "Интернет коомунун кыргыз бөлүмү" "Беш көкүл кыздарга санарип мүмкүнчүлүктөр" аталышындагы онлайн-вебинар өткөрөт.

Анда эл аралык жана Кыргызстандагы таасирдүү жана өзүнүн басып өткөн жолу менен шыктандыра турган айымдар өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, кыздардын суроолоруна жооп беришет.

Форум Евро Биримдиктин “Санарип Инсан” долбоорунун алкагында уюштурулууда.

"Беш көкүл кыздарга мүмкүнчүлүктөр" деген аталыштагы онлайн-маектешүүнүн максаты кыздарды колдоо, өзгөчө алыскы айыл аймактардагы кыз-келиндерди билим алууга жана технологиялык илимге кызыгууга шыктандыруу болуп саналат.

Онлайн-маек бейрасмий форматта өтөт, ага өлкөнүн бардык булуң-бурчунан кыз-келиндер, студенттер, мектеп окуучулары жана алардын ата-энелери Zoom аркылуу катышса болот", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан