Азербайжандын президентинин Кыргызстанга мамлекеттик сапары бүгүн башталат

Бүгүн, 11-октябрда Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Кабарлангандай, биринчи күнү эки өлкөнүн лидерлеринин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы биринчи мамлекеттер аралык кеңештин жыйыны өтөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар биргелешкен документтер кабыл алынып, Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасашат.

Мамлекеттик сапардын алкагындагы иш-чаралар УТРК, республикалык жана облустук каналдардын, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчалардын түз эфиринде чагылдырылат.

Түз эфир саат 15:40та эки лидердин расмий жолугушуу аземи менен башталат.

Ушул жылдын апрель айында мамлекет башчысы Садыр Жапаров Азербайжанга расмий сапары менен барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан