Баткен облусунда Тажикстандын агрессиясынан улам жарактан чыккан 55 уюлдук байланыш станциясынын иши калыбына келтирилди. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын башчысы Жибек Абдуллаева билдирди.
"Учурда байланышты толугу менен калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бардык теле жана радио өткөргүчтөр калыбына келтирилди. Уюлдук операторлор тарабынан да иштер жүргүзүлүп жатат", - деди Абдуллаева.
Ошондой эле инфраструктурага келтирилген зыян эсептелинип жатканы айтылды.