Жыл башынан бери 1 жарым миңден ашуун орусиялык Кыргыз жарандыгын алууга документ тапшырды

Жыл башынан бери 1 жарым миңден ашуун орусиялык Кыргыз жарандыгын алуу үчүн документ тапшырды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу калкты каттоо департаментинин жетекчиси Нурсултан Сардарбеков маалымдады.

"Статистикалык маалыматтарга караганда, өткөн жылдын 9 айында Орусиядан 160 миң 380 жаран келген. Быйыл Орусиядан келгендердин саны болжол менен 30 пайызга өсүүдө. Жыл башынан бери өлкөгө Орусия Федерациясынан 192 миң 258 жаран келди.

2021-жылдын 9 айында 385 адам Кыргыз жарандыгын алууга документ тапшырган. Ал эми быйыл болсо 1 миң 631 орусиялык жаран Кыргыз жарандыгын алууга документ тапшырды", - деп билдирди ал.

Ошондой эле былтыр 226 адам Кыргыз жарандыгын алса, бул жылы жарандык алгандардын саны 603 болгонун кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан