Бишкекте аялдамаларды жууп-тазалоо иштери жүрүүдө

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Бишкектеги аялдамаларды жууп-тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу калаа мэриясы маалымдады.

Маалыматка ылайык, жууп-тазалоо иштерине 10 жумушчу жана 5 бирдик атайын техника тартылды.

"Учурда Чыңгыз Айтматов, Чүй, Манас, Жибек Жолу проспектилериндеги, Жаш Гвардия бульвары, Фучик, Жусуп Абдрахманов, Байтик Баатыр жана 7-Апрель көчөлөрүндөгү аялдамаларды жууп-тазалоо жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары ишкананын кызматкерлери графикке ылайык жолдорду жууп жаткандыгы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан