Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон иш сапары башталды

Бүгүн, 11-октябрда Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстандагы расмий иш сапары башталды.

Анын алкагында президент Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында расмий жолугушуусу болду. Андан соң эки өлкөнүн лидерлери Кыргызстан-Азербайжан мамлекеттер аралык кеңешинин тар чөйрөдөгү биринчи жыйынга кирип кетти.

Мамлекеттик сапардын алкагында Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынына катышат. Мындан тышкары "Кыргызстан-Азербайжан достугу” сейил багынын, ошондой эле Гейдар Алиев жана Низами Гянджеви атындагы жалпы билим берүү мектептеринин ачылышы болот.

Азербайжандын өлкө башчысынын Кыргыз жергесине болгон иш сапары эртең, 12-октябрда жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан