Республикада курч респиратордук инфекциялар менен ооругандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.
Маалымдалгандай, 3-октябрдан 9-октябрга чейин өлкөдө 4 миң 702 инфекция катталган. Ал эми өсүү өткөн жумага салыштырмалуу 12 пайызды түздү.
"Курч респиратордук инфекциялар туруксуз аба ырайы менен шартталышы мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.
Өлкөнүн бардык ооруканаларында бейтаптарды көрүүгө келгендерди кабыл алууга чектөө киргизилгени белгиленди.