Бишкектеги Гоголь көчөсү капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
"Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында "Стальмонтажплюс" ЖЧКсы менен Свердлов райондук муниципалдык администрациясы тарабынан "Стальмонтажплюс" ЖЧКсынын демөөрчүлүк каражатынын эсебинен Гоголь көчөсүн Жумабек көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин капиталдык оңдоодон өткөрдү",- деп айтылат маалыматта.
Оңдолгон көчөнүн жалпы аянты унаа токтотуучу жайларды кошкондо 2 500 метрди түзөт. Аталган жол тилкеси эгемендүүлүк алгандан бери оңдолгон эмес, бүгүнкү күндө асфальт төшөлгөндөн кийин унаа токтотуучу жайлар пайда болуп, ыңгайлуу жана коопсуз болуп калгандыгы кошумчаланды.