Бишкекте кыргыз-азербайжан достук сейил багы ачылды (сүрөт)

Бүгүн, 11-октябрда Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз-Азербайжан достук сейил багынын ачылышы болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, сейил бактын ачылыш аземине өлкө башчы Садыр Жапаров жана Азербайжан президенти Ильхам Алиев катышты.

Садыр Жапаров “Кыргызстан-Азербайжан” достук сейил багынын ачылышы эки өлкөнүн достук мамилелеринин жана эки бир тууган элдин тарыхый байланыштарынын саясий, экономикалык эле эмес, маданий-гуманитардык кызматташтыкта да чыңдалгандыгынын ачык жана айкын далили экенин белгиледи. Мамлекет башчысы кыргыз тарап бир тууган Азербайжан менен мезгилдин сыноосунан өткөн стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

Өз кезегинде Азербайжандын президенти Ильхам Алиев бул бактын ачылышынын символикалык мааниси бар экенин белгиледи. Ал Азербайжанга карата мындай мамиле үчүн азербайжан элинин атынан ыраазычылык билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Arianaa
2022-10-12 09:45:00
Кайсы жерге ачылды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан