"Өмүрүңөрдү тобокелге салбагыла". Украинадагы кыргызстандыктарга коопсуз жерде болуу сунушталды

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов аймакта кырдаал курч экенин, ракеталык-бомбалык соккулар өлкөнүн бүт аймактарында уланышы мүмкүн деген кооптонуу бардыгын белгилейт. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасында жарыялаган билдирүүдө айткан. Элчи бул өлкөдөгү кыргызстандыктарды коопсуз жерде болууга үндөгөн.

"Азыркы учурда кырдаал курч бойдон калууда, ракеталык-бомбалык соккулар Украинанын бүт аймактарында уланышы мүмкүн деген кооптонуу бар. Биздин элчилик, башка өлкөлөрдүн миссиялары менен катар Киев шаарында толугу менен штаттык түрдө кызматын аткарып жатат. Биздин жарандар менен күнү-түнү байланыштабыз жана консулдук тейлөө үзгүлтүксүз аткарылууда. Украинадагы мекендештерибизге дагы бир ирет кайрылам - өмүрүңөрдү тобокелге салбагыла, жеке коопсуздук талаптарды аткарып, коопсуз жерде калууну улантыңыздар", - деп жазган Кадыркулов.

Ал элчилик Киевде штаттык режимде иштеп жатканын да кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан