Бүгүнкү күндө өлкөдө кумшекердин запасы жетиштүү өлчөмдө. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалыматында жазылат.
Маалымдалгандай, учурда кумшекердин баасы туруктуу бойдон. Ага ылайык, 1 килограммы 88,3 сомду түзүүдө. Ал эми заводдон, тагыраагы "Кошой" ААКсынан чыккан кумшекердин дүң баасы 79,2 сом.
Республикада өсүмдүк майынын баасында төмөндөө тенденциясы бар. Алсак, сентябрда майдын 1 литри орточо 158 сомдон сатылса, октябрдагы наркы 155,4 сомду түздү. Соода жайларында өсүмдүк майын сатууда эч кандай чектөөлөр жок. Ири товар жеткирүүчүлөрдө орточо бир айлык майдын запасы бар.
Ал эми күйүүчү майдын баасы төмөндөгөнү байкалууда. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматына ылайык, өлкөдө күйүүчү майдын запасы жетиштүү көлөмдө.
5-октябрга карата А-92 маркасындагы күйүүчү майдын орточо баасы литри 61,6 сомду түзсө, дизелдик күйүүчү май 75,8 сом болгон.