Сутка ичинде республиканын аймагында 20 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, өрттү өчүрүүгө 23 бөлүм тартылган.
Өрт катталган аймактар: Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 2, Ош облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 2, Ош шаарында 3, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон (1 шахтадан адамдын жансыз денесин чыгаруу, 2 эшик ачуу).