Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда Казакстандын Астана шаарына барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Ал жакта 14-октябрга чейин болуп, бир катар эл аралык иш-чараларга катышат.
Алар:
Өлкө лидерлери Азия регионундагы коопсуздук жаатында кызматташуу, КМШ алкагында соода-инвестициялык өнөктөштүк, "Борбор Азия – Орусия" форматында өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат.
Мындан сырткары Астанада Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин да жолугушуусу мерчемделген. Бул тууралуу буга чейин Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирген.