Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Депутат Тазабек Икрамов Азимбек Бекназаровдун камактагы уулу боюнча токтолду.
"Баласы атасынын айткан сөзүнө, кылган ишине эч качан жооп бербейт. Бул жазылбаган мыйзамда дагы бар. Азимбек Бекназаровдун уулуна коюлуп жаткан айып туура эмес. Биз ал жигитти билебиз. Акыйкат чечим кылып берсеңер.
Ал эми 19 жаштагы Ырыс. Бул деген жаш бала да. Азыр жаш эмес, бир топ жашка барып калган адамдар деле адашып жатат. Аны кармап отурган уят. Төрага ушуну көзөмөлгө алсаңыз", - деди Икрамов.