Депутат: "Оюнчук таап алдыңар, бир нерсе болсо эле Мадумаровго тийишип"

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев коллегаларын Адахан Мадумаровго тийишпей, башка маселе көтөрүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Урматтуу кесиптештер, мен эч кимге акыл үйрөткүм келбейт. Бирок өзүбүздүн ишмердүүлүгүбүзгө баа бергенге укугум бар. Жогорку Кеңеш бул бир гана Мадумаров жана чек ара эмес. Оюнчук таап алдыңар, бир нерсе болсо эле Мадумаровго тийишип. Келгиле, башка маселе боюнча сүйлөшөлү. Бири-бирибизге акыл үйрөткөндү токтотолу", - деди Масалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан