Улан Примов өз каалоосу менен Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары кызматынан кетти. Бул тууралуу Примов бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
"Өткөн жума биз жаңы төраганы шайладык. Шайлоодон кийин эми баарыбыз бир фракциядан болгондон кийин мен моралдык жоопкерчиликти сезип, төраганын орун басары кызматын тапшырып берүүнү чечтим жана ушул чечимге келдим", - деди Примов.
5-октябрда өткөн жыйында депутат Руслан Жакышов төрагалык кызматтан кеткен Талант Мамытов менен чогуу анын үч орун басары дагы кетсе туура болорун билдирген.