Мэрия Баткенде курман болгон Эламан Ураимовдун ысымын Бишкектеги көчөгө коюудан баш тартты

Бишкек мэриясы калаадагы Кара-Дарыя көчөсүнүн атын Тажикстандын кол салуусунан улам курман болгон аскер кызматкери Эламан Ураимовдун ысымын ыйгаруудан баш тартты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Дастан Бекешев вице-мэр Виктория Мозгачева кол койгон мэриянын расмий жообун жарыялады. Анда шаардагы көчөлөрдүн аталышын өзгөртүүгө мораторий киргизилгени жана көрүнүктүү инсандын элесин түбөлүккө калтыруу ал өлгөндөн беш жыл өткөндөн кийин ишке ашырылаары жазылган.

"Мэрия Тажикстандын элчилиги жайгашкан шаардагы Кара-Дарыя көчөсүнүн атын өзгөртүүгө макул эмес, көчөнүн атын өзгөртүүгө мораторий киргизилген", - деп жазды Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан