16-октябрда "Ынтымак-2" сейил багында концерт болот

16-октябрда саат 16:00дө "Ынтымак-2" сейил багынын амфитеатрында президенттин иш башкармалыгынын алдындагы "Манас" президенттик оркестринин классикалык музыкасынын концерти өтөт. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, көркөм жетекчиси жана дирижёру – Кыргыз Республикасынын Эл артисти Эрнис Асаналиев.

"Маданий иш-чара оркестрдин кайрымдуулук концерттеринин алкагында жана президенттин иш башкармалыгынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен өткөрүлүүдө. Кирүү акысыз.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Сиздерди мыкты обондордон ырахат алып, көңүл ачууга чакырабыз", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан