Жасалма акча каражаттарын сатууга аракет кылган адамдар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 10-октябрда Бишкек шаарында 5 700 доллар өлчөмүндөгү жасалма банкноттордун партиясын сатууга аракет кылган А.С. жана С.У. аттуу Кыргыз жарандары кармалды.
Ошол эле учурда бул адамдар криптовалюта (электрондук акча) сатып алууну көздөгөндүгү аныкталган.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-97-беренесинин негизинде шектүүлөр кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.