Бишкектеги мектептердин бирине Гейдар Алиевдин ысымы ыйгарылды (фото)

Бүгүн, 12-октябрда Бишкек шаарындагы №20 мектеп-гимназиясына Гейдар Алиевдин ысымын ыйгаруу салтанаттуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев катышты.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы мектепке Гейдар Алиевдин ысымын ыйгаруу Кыргызстан үчүн чоң сыймык экенин, анткени бул масштабдуу инсанда Азербайжандын эле эмес, башка элдердин да үмүтү жана тилеги топтолгондугун баса белгиледи.

"Ал ким болбосун, республиканын Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болобу, же езүнүн кичи мекени — Нахичеванда болсун — Гейдар Алиевич ез доорунун керүнүктүү екүлү, кылдат жана ойчул, жаратман, даанышман адам болгон. Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү катары СССР Министрлер Советинин Төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп турганда Гейдар Алиев СССРдин экономикалык, социалдык жана маданий турмушунун маанилүү багыттарын жетектеген. Анын бай саясий жана мамлекеттик тажрыйбасы, элдин таламдарын коргоодогу бекемдиги жана ак ниеттүүлүгү, акылмандыгы жана бийик адамдык сапаттары Азербайжандын чегинен тышкары жерлерде да адилеттүү түрдө урмат-сыйга ээ болгон. Ал элибизге болгон жылуу мамилеси, колдоосу, катышуусу менен бизге, кыргызстандыктарга жакын", - деген Жапаров.

Мамлекет башчысы келечекте бул мектептен Гейдар Алиев сыяктуу инсандар чыгат деген ишенимин билдирди.

Ошондой эле Садыр Жапаров Ильхам Алиевге достуктун, тилектештиктин жана колдоонун бийик байланыштарына жеке берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Мунун аркасында эки тараптуу мамилелер бүгүнкү күнгө чейин ийгиликтүү өнүгүп эле тим болбостон таптакыр жаңы деңгээлге чыгууда.

Мындан тышкары ал быйылкы жылы Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамилелер активдешип, стратегиялык өнөктөштүктүн таптакыр жаңы деңгээлине чыкканын канааттануу менен баса белгиледи.

Андан соң өлкө лидерлери мектептин залдарын жана класстарын кыдырып чыгышты. Класстарды көрүү учурунда президент Ильхам Алиев футбол тобуна кол коюп, окуучуларга белек кылды. Өлкө лидерлери мектептин ашканасында башталгыч класстын балдары менен эртең мененки тамакта баарлашып, алар менен мектептин тамагынан даам сызышты.

Ардактуу меймандар үчүн мектептин окуучулары Кыргызстан менен Азербайжандын достугун чагылдырган ырларды окуп, ырдап, ошондой эле «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан