
Кыргызстандын 800 миңден ашуун жараны чет өлкөдө иштеп жатат. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри
Кудайберген Базарбаев 11-октябрдагы маалымат жыйында билдирди.
Министр билдиргендей, 800 миңден ашуун Кыргыз жараны дүйнөнүн 11 өлкөсүндө эмгектенүүдө.
Алар:
- Орусия - 680,5 миң;
- Түркияда - 35 миң;
- Казакстанда – 35 миң;
- Канадада, АКШда – 26 миң;
- Германияда, Польшада – 11,2 миң;
- Түштүк Кореяда – 6,4 миң;
- Өзбекстанда – 5 миң;
- Бириккен Араб Эмираттары – 5 миң;
- Англияда – 3 миң адам иштейт.