Чаткалда жайгашкан Иштамберди кениндеги көмүр кычкыл газына уулануунун себептерин иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.
"Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук кызматына Иштамберди кенинде жайгашкан "Full Gold Mining" компаниясынын алтын кен шахтасындагы көмүр кычкыл газы менен уулануунун себептерин талдап чыгууну тапшырды",- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле "Full Gold Mining" компаниясы каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөсүнө тийиштүү жардам көрсөтөрү кошумчаланды.
Эске салсак, кечээ ,11-октябрда шахтадан чыккан газга ууланып 2 киши каза болуп, дагы 10 киши жабыркап ооруканага түшкөнү кабарланган.