16-17-сентябрдагы Тажикстандын куралдуу кол салуусунда үй-жайынан ажыраган баткендиктерге убактылуу жашоого кеткен чыгымдары үчүн атайын эсептен 200 миң сомдон бөлүнөт. Бул тууралуу 12-октябрда өткөн маалымат жыйынында финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө чогулган 320 миллион сомдон аталган төлөмдөргө 49,6 миллион сом бөлүндү. Бул каражат 400 үй-бүлөгө бөлүнүп берилет. Ал эми жаңжалда жабыркагандар үчүн берилүүчү кенемте өзүнчө каралган. Мындан сырткары кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн республикалык бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнгөн.
Тажикстандын баскынчылыгынан жабыркагандарды колдоо үчүн ачылган атайын эсепке жалпы 320 миллион сом чогулган. Бул эсеп элдин демилгеси менен түзүлгөн.