Орусияда иштеп жүргөн Кыргыз жарандарына дагы мобилизацияга чакыруулар келип жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев билдирди.
"Орусияда мобилизация болгондон бери дүрбөлөң болуп жатат. Азыр акыркы маалыматтар боюнча биздин Кыргыз жарандарына дагы чакыруулар келип баштаптыр. Бул боюнча эки факты катталып жатат", - деди Козуев.
Ошондой эле ал элчиликке, Тышкы иштер министрлигине бул боюнча мигранттарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин белгиледи.