Мас абалында унаа айдагандарды 3 жылга күбөлүгүнөн ажыратуу каралууда

Мас абалында унаа айдаган айдоочуларга жазаны катаалдаштыруу боюнча сунуштар берилип жатат. Бул тууралуу журналисттерге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Тилек Исаев билдирди.

Анын сөзүнө караганда, алкоголдук ичимдик ичип унаа айдагандар айдоочулук күбөлүгүнөн үч жылга ажыратылат. Бул аралыкта дагы мыйзам бузса, 10 жылга айдоочулуктан ажыратылат.

“Эгерде айдоочу мас абалында жол кырсыгына кабылып, адам өлүмүнө жана материалдык чыгымга алып келсе, анда жасалган кылмыштын оордугуна жараша айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуунун мөөнөтү узартылып 3, 5, 10, 15 жылга жана өмүр бою эркинен ажыратуу чарасы каралган. Мындан сырткары өмүр бою унаа айдоо укугунан ажыратылат”, - деди Исаев.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, беш же андан ашык жол эрежесин бузгандар кайталап айдоочулукка сынак тапшырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан