Кыргызстан 17-октябрдан тартып көмүрдү экспорттоого убактылуу тыюу салат

Кыргызстанда 17-октябрдан баштап көмүрдү экспорттоого убактылуу тыюу салынат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Учурда көмүргө болгон суроо-талап көп болгондуктан баанын көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында экспортко тыюу салуу чечими кабыл алынат.

“Бүгүнкү күндө Кара-Кеченин көмүрүн каптарга салып, 20 тонналык фуралар менен чет жакка чыгып жатат. Алсак, ушул жылдын январь-сентябрында 478 миллион 408 миң сомго 178 миң 264 тонна көмүр экспортко кеткен. Бирок өлкөдө көмүр таңкыстыгы жок. Ата мекендик жана импорттук көмүрдү жеткирүү өз убагында аткарылууда”, - деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан