Издөө салабыз! Жалал-Абадда 11 жаштагы Али аттуу бала дайынсыз болууда

Сузак районунун Ленин айыл аймагынын Винсовхоз айылынын тургуну, 2011-жылы туулган Малаасман-оглы Али ушул жылдын 9-октябрь күнү саат 17:00 чамасында ошол эле айылдын тааласында мал кайтарып жүрүп, качып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Учурда Малаасман-оглы Алинин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 130-140 сантиметр, кара тору, кашы, көзү, чачы кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Үстүндө көк түстөгү күрмө, жашыл-ала түстөгү шым, бутунда кызыл түстөгү бут кийим болгон.

“Дайынсыз болуп жаткан Малаасман-оглы Али тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз”, - дейт милиция.

Байланыш телефондору: 102, (03722) 7 39 90, 0771 93 60 70, 0553 78 00 78.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан