Бишкек мэриясы жана ишкерлер баткендиктерди убактылуу контейнер үйлөр менен камсыздашты (фото)

Борбор калаанын мэриясы ишкерлердин колдоосу менен мамлекеттик чек арадагы жаңжалдан жабыркаган Баткен облусунун тургундарын убактылуу үйлөр менен камсыз кылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Темир контейнерлерде бардык керектүү шарттар түзүлгөн. Буга чейин да мындай 16 үй жөнөтүлгөн. Жакынкы аралыкта дагы 12 контейнер Баткен облусуна жөнөтүлөт. Бардыгы болуп 50 контейнер даярдалат. Контейнерлер жана жардамдар ишкерлер тарабынан берилди.

"Борбор калаанын мэриясы камкор жарандарга колдон келген жардамдары үчүн ыраазычылык билдирет. Биз бирге - бир күчпүз!", - деп жазылат мэриянын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан