Бишкекте 9-декабрда
“Ооганстан жана Борбор Азия 2014-жылы: Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун
аймактагы коопсуздукту сактоодогу ролу” аталыштагы тегерек үстөл өтөт. Бул
тууралуу бүгүн, 6-декабрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.
Басма сөз
кызматынын берген маалыматына караганда, тегерек үстөлдө Кыргызстандын Жамааттык
коопсуздук келишим уюмуна (2013-жылы) төрагалык кылгандагы ишмердүүлүгү
талкууланат. Ошондой эле 2014-жылы Ооганстанда боло турган кырдаал тууралуу
талкуу болот. Мындан сырткары аталган аймакта болушу мүмкүн делген коркунучтарга эксперттик
баа берилет.