Сузакта дайынсыз болуп жаткан 11 жаштагы Али табылды

Сузакта дайынсыз болуп жаткан 11 жаштагы Малаасман-оглы Али табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы кабарлайт.

Кечээ, 13-октябрда Сузак районунун Ленин айыл аймагынын Винсовхоз айылынын тургуну 2011-жылы туулган Малаасман-оглы Али үстүбүздөгү жылдын 9-октябрь күнү саат 17:00 чамасында ошол эле айылдын талаасында мал кайтарып жүрүп, качып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат таратылган.

Бул маалымат ЖМКларга жарыяланган соң кайдыгер эмес жарандар тарабынан баланын болжолдуу даректери милицияга берилген. Ал Сузак районунун Октябрь айылында жүргөн жеринен табылып, жакындарына өткөрүлүп берилди.

"Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы ЖМК өкүлдөрүнө жана жалпы коомчулукка ыраазычылык билдирет", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан