Эртең, 15-октябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет тарабынан маалымдалды.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Аба ырайынын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5 … 10, күндүз 22 … 27,
Талас облусунда түнкүсүн 1 … 6, күндүз 21 … 26,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 7 … 12 , күндүз 23 … 28,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3 … 8, күндүз 14 … 19,
Нарында түнкүсүн 0 … -5, күндүз 15 … 20,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 8… 10, күндүз 25 … 27 градус болот.