Мектеп окуучусунун теракт жасайм деген билдирүүсү боюнча окуяга текшерүүнүн жыйынтыгы чыккандан кийин баа берилет. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон билдиришкендей, бүгүн, 14-октябрь күнү эртең менен саат 7:00дө мектепке укук коргоо жана атайын кызматтын өкүлдөрү барган.
"Мектептин имаратын кинологдор текшерип чыгып, теракттын эч кандай белгилери табылбаганын тастыкташкан. Андай кийин окуучулар мектепке киргизилген. Сабактар кадимки тартипте уланып жатат”, - деп айтылат маалыматта.
Ал эми теракт жасайм деген өспүрүм А.Ж. аттуу 7-класстын окуучусу экени белгилүү болду. Учурда ал укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен бирге экени айтылды.
Эскерте кетсек, кечээ күнү окуучу борбор калаадагы мектептердин биринде теракт жасай турганы боюнча билдирүүнү социалдык тармактагы баракчасына жазган. Ал мындай кадамды коомчулуктун көңүлүн бурдуруу жана жеке баракчасына катталуучулардын санын көбөйтүү максатында жасаганын билдирген.