Садыр Жапаров "Борбор Азия - Орусия" саммитинде миграция маселелерине токтолду

Бүгүн, 14-октябрда Астана шаарында Орусия - Борбор Азия саммити өтүүдө. Мындай форматта алгачкы ирет болуп жаткан иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Орусиянын президенттери катышууда.

Өлкө башчы Садыр Жапаров саммитте миграция маселелерине токтолду.

"Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Орусиянын элдеринин ортосундагы тыгыз байланыштарды жана учурдагы экономикалык кырдаалды эске алуу менен, биздин жалпы күн тартибибиздеги актуалдуу маселелердин бири миграциялык процесстер, эркин жүрүү, жумуш менен камсыз кылуу жана жумушчулардын жашоо шарттары болуп саналат", - деди Жапаров.

Аталган саммити өткөрүүнү Орусия демилгелеген. Анда жалпы азыркы геосаясий кырдаалда соода-экономикалык кызыкчылыктары дал келген мамлекеттердин өз ара алакасы талкууланмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
erjmax21
2022-10-14 20:31:00
Бул жерле Таджикистан Орусияга орустар озулору айткандай " Медвежья услуга" кылып ататда, а муну орустар тушунбой жатышат, Рахмон ич ара батышбы же андан башкасыбы менен бир ой менен кылып атат жана келечекте даны мындан дагы жаман иштерди кыламын деп, Кыргыз Элим белди бекем бууп даяр туруу керек, булардын ойу жакшы эмес.
0
erjmax21
2022-10-14 20:40:00
Орустар тушуно албай турат бул жагдайды, Кыргыз элинин конулун калтырса орустарга жакшы болбойт, тажиктер эртен сатып кетеерин билбей жатышат жана орустар ойлоп жатышат тажиктер кошоматын кошуруп жатса эле толук контролдоп деп, андай эмес бул орустарга эн эле жаман белги,медвежья услуга, орустар силер менен кыргыз элинин ортосундагы болгон достукту ыдырадып, бутундой борбор азияны ыдыратып жатат тажиктер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан