Ош жана Бишкек шаарларында орнотулган Манастын эстеликтерин салыштыруу
туура эмес. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрдагы
маалымат жыйынында маданият маалымат жана
туризм министри Султан Раев билдирди.
Анын айтымында, Бишкек жана Ош шаарларындагы орнотулган
Манастын эстелиги тууралуу маалымат бурмаланып берилүүдө. Алар бири-биринен бөлүнгөн каражаты боюнча да айырмаланып турат.
“Бишкекте орнотулган
Манастын эстелиги салмагы 10 тонна жана колодон жасалган. Ал эми Оштогу эстелик
бетондон жасалып, жез менен капталган. Бишкектеги Манастын эстелигине 28 миллион сом сарпталган. Аталган каражат демөөрчүлөр тарабынан чогулган, бюджеттен бир да сом бөлүнгөн эмес. Ал эми Ош шаарындагы
эстеликке бюджеттен 31 миллион сом бөлүнгөн”,-
деди Раев.