Бүгүн, 15-октябрда Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы өтүп жаткан курултайда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов алгачкылардан болуп сөз сурап, бийликтин чек араны тактоо аракеттери боюнча маалымат берди.
"Кемпир-Абад боюнча бардык облустардан келди деп ойлоп жатабыз. Ушул келген аксакалдар, мекенчил жигиттерибиз жөн учуруда деле, Кемпир-Абад маселеси болбогондо деле келип, Ош облусундагы, Өзгөндөгү көйгөйлөрдү көтөрүп чыкса болмок. Жаңы бийлик элге чек араларды тактайбыз деген убада берген. Ошонун негизинде бүгүнкү күндө Өзбекстан менен 1450 чакырым жерди тактап жатышат. Бул сүйлөшүүлөргө бир жылдан ашып калды. Буга чейин деле Кемпир-Абад болгон, суу басып жаткан. Эмнеге ошол мезгилде биз көтөргөн жокпуз? Азыр Өзбекстан менен тополоң болбосун деп тактап жатканда ушул маселени көтөрүп жатканыңыздарга таң калып жатам", - деди Жамалдинов.
Ушундан кийин чогулгандар аны сүйлөтпөй коюшту. Курултай Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында өтүүдө. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров, Дастан Бекешев, ошондой эле Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Бектур Асанов, Жеңиш Молдокматов баштаган бир катар саясатчылар катышууда. Жергиликтүү жашоочулар Кемпир-Абад Өзбекстанга берилбесин деп талап кылышууда, ага 600дөй адам катышууда.