Бишкекте батирдин ээси ижарачыны үйдөн чыгарууга аракет кылып жаткан видео тарады

Бишкекте батирдин ээси ижарачыны (квартирант) милиция кызматкерлеринин жардамы менен үйдөн чыгарууга аракет кылып жаткан видеону активист Эртай Искаков Instagram баракчасына жарыялады.

"Милиция качан полковникти эмес, жөнөкөй мугалимдерди коргойт? Эмнеге күч колдонуп, колун кайрып квартирантты сүйрөп чыгышты. Аларга ким укук берди? Же опер группа соттун чечими жок каалаган квартирага кирип кыздарды сүйрөп чыга береби?", - деп жазган ал.

Маалыматка ылайык, батирдин ээси кыймылсыз мүлктү ижарага алуу үчүн бааны эки эсеге кымбаттатып, ижарачыга көчүп кетүүгө алты күн берген. Ижара келишими бир жылга түзүлгөнү, мурда айына 16 миң сом төлөп келсе, азыр үй ээси 38 миң сом берүүнү же батирди бошотууну талап кылып жаткандыгы айтылат.

Видео: Эртай Искаков
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Arianaa
2022-10-15 17:19:00
Орустар кетет бир ай ичинде, мобилизация да бутот буйруса.Ошондо коробуз квартирант таппай калсанар экен бош калып.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан