Бишкектин борбордук райондорунда 4 күнгө жаратылыш газы өчүрүлөт

Бишкектин борбордук райондорунда 17-20-октябрь күндөрү жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, ишкана 1971-жылы пайдаланууга берилген жер астындагы газ түтүктөрүндө газдын чыгышын жоюу боюнча оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүнү пландап жатат.

Көгүлтүр от өчүрүлчү жерлер:

Чүй кең көчөсү, Ибраимов, Москва жана Калык Акиев көчөлөрү менен чектешкен аймакта;

Жибек жолу кең көчөсү, Сүйүмбаев, Түгөлбай ата жана Шопоков көчөлөрү менен чектешкен аймакта;

Элебаев, Байтик баатыр, Кулатов жана Лев Толстой көчөлөрүндө.

Компания ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сураган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mani.kg.
2022-10-15 21:16:00
Суперстан бөлүмү барбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан