Түркияда шахта жарылып 40 адам каза болду

Түркиянын түндүгүндөгү Бартын аймагында жайгашкан шахтада жарылуу болуп, кырсыктан 40 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жарылуу 14-октябрда саат 18:15 чамасында Бартын провинциясында болгон. Ал учурда 300 метр тереңдиктеги жер алдында 110 адам иштеп жаткандыгы айтылат. Жумушчулардын айрымдары эвакуацияланган.

Ал эми өлкөнүн ички иштер министри шахтадагы жарылуудан көз жумгандардын саны 40ка жеткендигин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан